Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов жоокерлерге “Суициддин алдын алуу” деген темада баяндамасын жасады

Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов Ош шаарынын “Керме-Тоо” муниципалдык аймагында жайгашкан №47156, №01692 жана №12821 аскер бөлүтөрүндө кызмат өтөгөн жоокерлерге “Суициддин алдын алуу” деген темада баяндамасын жасады.

“Сиздер бар болгонуңуздар үчүн элибиз тынчтыкта жашап келүүдө. Тынчтык болсо ибадат кылганга, үй-бүлөө куруп бактылуу жашоого, илим алганга мүмкүнчүлүк болот»,-деди Мирланбек ажы Токтомушов. 

Маалым болгондой, Ош шаарында дин кызматкерлери жана аскер адамдары менен тыгыз иштешип келүүдө. Анткени аскер адамдары ар тараптуу күчтүү болуусу талап кылынат. Алар бир гана кызматтык билим албасатан дин кызматкерлери руханий жактан салым кошуп, мекенге болгон сүйүүсүн күчтөндүрүүгө себепчи болууда.