Каракол шаарында КМДБнын БТКнын өкүлү Шерик ажы Карабеков район жана шаардык баш имам хатибдердин катышуусунда отурум болуп өттү

Бүгүн, 4-декабрда Каракол шаарындагы облустук казыятында Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков КМДБнын БТКнын өкүлү Шерик ажы Карабеков район жана шаардык баш имам хатибдердин катышуусунда отурум болуп өттү.

Отурумда имамдардын 11 айда жасаган иштеринин отчетун тапшыруусу, нике каттоо китепчесинин толтурулуш тартиби жана нике каттоодогу эл арасындагы айрым маселелердин жөнгө салуу боюнча маселелер талкууга алынды.

Мындан тышкары Шерик ажы Карабеков КМДБнын аткарып жаткан иштери жана Умра ибадатын уюштурулушу тууралуу маалымат берип, баш имамхатибдердин суроолоруна жооп берди.