“Татар” мечитинин имам хатиби Шумкарбек Акматали уулу “Жетимдерге камкордукта болуу” деген темада баяндамасын жасады

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Татар” мечитинин имам хатиби Шумкарбек Акматали уулу  КИУнун Ош колледжинин жыйындар залында аялдар үчүн “Жетимдерге камкордукта болуу” деген темада баяндамасын жасады.

“Жерде жетим ыйласа, Алланын Аршы» титирейт дегендей коомубузда себепсиз ажырашуулар көбөйүп кетти. Аларды алдын албасак ортодо калган балдар таалим-тарбия албай кароосуз калып жатышат. Ал эми ата-энеси кайтыш болуп жетим калган балдарга мээрим көрсөтүү керек”,-деди Шумкарбек Акматали уулу. 

Лекцияга катышкан аялдар жана энелер акыл-насааттарды угуп, өздөрүнүн ыраазычылыгын билдирип, мындай баяндар дайыма уюштурулуп туруушу керектиги боюнча өз сунуштарын беришти.