Ош облусунун казыяты 150гө жакын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тамак-аш азыктарын таратты

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев баш болгон казыят кызматкерлери Кара-Суу районуна караштуу Кашка-Кыштак айылында жана Ош шаарынын ХБК кичи районунда жалпы 150гө жакын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам беришти.

Алардын ар бирине 1000 сом өлчөмүндө күнүмдүк турмушка керектелүүчү тамак-аш азыктары сатылып алынып, өз ээлерине жеринде тапшырылды. Ага жалпы 150 миң сомго жетпеген каражат сарпталды.

Кайрымдуулук иш-чарасында Самидин кары Атабаев мындай каражат Кара-Суу районуна караштуу жума окулуучу мечиттерден  жана казыят тарабынан каржыланган.

«Биздин максат башкаларга өрнөк болуу. Чындыгында Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар аябай эле көп. Биз алыбыз жетишинче Аллах ыраазычылыгы үчүн жардам бердик. Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) “Жакшылыкка себепкер болгон, аны жасаган сыяктуу” деген хадиси бар эмеспи. Мүмкүн биздин кылган ишибиз башкаларга үлгү болуп, коомдо колу ачык, берешен адамдар көбөйсө, биз өз максатыбызга жеткен болобуз» — деди Самидин кары Атабаев.