Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев “Аял деген ким жана кандай болуш керек” деген темада аялдар үчүн өз баяндамасын жасады

Бүгүн, 4-декабрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев “Сулайман-Тоо” мечитинин китепканасында “Аял деген ким жана кандай болуш керек” деген темада аялдар үчүн өз баяндамасын жасады.

Лекция учурунда У. Сарыбаев: “Балдарыбыз билимди мектептен алышат. Бирок таалим–тарбия, адеп-ахлак жөнүндө айта турган болсок ал үйдөн алынат. Абийириңди жашыңан сакта деп ата-бабаларыбыз бекеринен айтышкан эмес. Анткени баш бутак тез ийилет. Эң маанилүүсү ал бутак жакшы же жаман тарапка ийилүүсүндө болуп жатат. Бул маселеде эне чоң ролду ойнойт. Анткени 24 саат баланын жанында эң көп эне жүрөт”,- деп баса белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, аялдар үчүн окуу лекциялары жана баяндар калаанын башка мечиттеринде дагы уюштурулууда. Ал жака айымдар үчүн үй-бүлөдө аялдын орду, бала тарбиялоодо эненин милдети тууралуу кеп-кеңештер айтылууда.