Ош шаарынын  “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында жашаган аялдар үчүн окуу семинары өткөрүлдү 

Ош шаарынын “Манас-Ата” аймагындагы аялдар үчүн семинар уюштурулуп, аларга КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана Ак-Буур чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов баяндамаларын жасашты. 

Семинар учурунда Акимжан ажы Эргешов бала тарбиялоодо аялдын орду, аял киши төрдүн көркү болгондуктан кайсыл гана үй-бүлөдө болбосун адептүүлүккө, мээримдүүлүккө, ыймандуу болууга үндөп келгенин, “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген макал ошол себептүү чыкканын баса белгиледи.

“Ачуу душман, акыл дос деп бекеринен айтылбайт. Биздин ачуу үстүндө кетирген кемчиликтерибиз, балдарыбызга терс таасирин берүүсүнөн сактанышыбыз керек. Жаштар бузулуп бара жатат деп айтып жатабыз. Ал эми өзүбүздүн балдарыбыз кандай абалда экенин байкабай жүрө беребиз. Мына ошондуктан «карга баламды аппагым» дейт деген сөз айтылып келет. Эң алгач өзүбүздүн балабызды жана кошуналардын балдарын жакшы тарбиялоо керек. Кошуналардын балдарын эмнеге тарбиялашыбыз керек деген суроо пайда болушу мүмкүн. Анын жообу сенин балаң ошол балдар менен бирге ойноп чоңойоорун унутпашыбыз керек”- деди Акимжан ажы Эргешов.

Убайдулла ажы Сарыбаев: “Ата-эненин милдеттери көп, негизи эле бала тарбиясы мөмөлүү дарака окшош болот. Дарак мөмө берүүсү үчүн аны жакшылап карап өстүрүү керек. Ал үчүн убакыт ажыратып, көңүл буруу керек. Мына ошондо дарак чоңойуп мөмө берет. баланы тарбиялабай эле таштап салып, картайганда андан мээрим күтүү тал же мөмөсү жок дарака окшош”- деди Сарыбаев.

Абдилазиз ажы Абдурахманов: “Ата-эненин баласына калтырган эң жакшы мурасы  бул жакшы таалим-тарбия болуп саналат. Ошондуктан балдарыбыздын жүрүм-турумуна көңүл буруу биздин милдетибиз. Андыктан артыңдан калган баланын жакшы же жаман болуусу ата-эненин колунда»,-деди Абдурахманов.