Ош шаарындагы “Ахмад Яссавий” мечитинин имам хатиби Адылжан Муллатов баш болгон мечит жамааты жардамга муктаж 16 үй-бүлөгү азык-түлүк таратты

Ош шаардык казыятына караштуу “Ахмад Яссавий” мечитинин имам хатиби Муллатов  Адылжан баш болгон мечит жамааты “Туран”  муниципалдык башкармалыгындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тамак-аш азыктарын таратышты.

Мечит жамааты тарабынан топтолгон 8 миң сом өлчөмүндөгү каражата күнүмдүк турмушка керектелүүчү азык-түлүк сатып алышып, аларды мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кары-картаңдарга, жардамга муктаж 16 үй-бүлөгө барып, таратып беришти.

“Ар бир адамга ар түрдүү сыноо берилет. Биз жараткан Аллага нааразы болбой, баарына шүгүр келтирип, жок нерсеге сабыр кылсак, Аллах Таала акыретте сыйлыгын берет”-деди А. Муллатов.