Ак-Суу районунун Тепке, Курбу, Жылдыз айылдарындагы мектеп жашындагы 150 жетим кызга кышкы баш кийим таратылды

Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын Ак-Суу райондук хатибияты Тепке, Курбу, Жылдыз айылдарындагы мектеп жашындагы 150 жетим кызга кышкы баш кийим таратты. Бул тууралуу аталган райондун баш имам хатиби Асантур ажы Абрахманов билдирди.

“Бул  иш-чара райондук хатибият жана “Адеп-ахлак” кайрымдуулук фонду тарабынан өткөрүлүүдө. Хатибият бул фонд менен кызматташып, бүгүнкү күндө кайрымдуулук иштерин өткөрүп келет. Бүгүн 150 жетим кызга кышкы баш кийим жана моюн орогуч, кол кабы менен таратылып, кубанычтарына шериктеш болуудабыз”,-деди Асантур ажы Абрахманов. 

Аталган фонддун жетекчиси Эрмек Жунушев бүгүнкү күндө фонддун аткарып жаткан иштери, кайрымдуулук акциялары Орусияда эмгектенип жаткан биртуугандарыбыздын жана жергиликтүү тургундарыбыздын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылган.

Иш-чаранын акырында аталган фонддун эмгек жамаатына жана демөөрчүлүк кылган биртуугандардын иштерине ийгилик каалады.