Аалымдар Кеңешинин делегациясы Түркияга жасаган расмий иш сапардын экинчи күнү Диянет Вакфы фондунда болушту

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин делегациясы расмий иш сапардын экинчи күнү Анкара шаарында жайгашкан Диянет Вакфы фондунда болушту. Дүйнөлүк деңгээлде иш алып барган Дянет Вакфынын Башкаруу Кеңешинин экинчи төрагасы Ихсан Ачык мырза баш болгон фонддун Башкы Дирекцияларынын жетекчилери кыргызстандык өкүлдөргө фонддун таржымалы, максаттары жана ийгиликтери тууралуу маалымат беришти.

Эки тараптуу жолугушууда Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев диний чөйрөдө кызматтыштыкты жандантуу максатында Вакф кайрымдуулук фондун Кыргызстанга ачуу тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Биргелешкен отурумда фонд иштетүүнүн укуктук өңүтү, түзүмдүк системасы, жардамдарды топтоо жана таратуу, билим берүү жаатындагы ишмердүүлүктөр, стратегиялык пландарды иштеп чыгуу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө өңдүү бир нече багыттар боюнча пикир алмашышты.

Маалым болгондой, «Вакф кайрымдуулук фондунун уставынын долбоору Аалымдар Кеңешинде жактырылып, анын ички түзүмдөрүн иштеп чыгуу боюнча аракеттер жүрүп жатат. Ал эми Диянет Вакфы болсо, бүгүнкү күндө 145 өлкөдө 1001 координациялык филлиалдары аркылуу социалдык жана билим берүү жааттарында ишмердүүлүк жүргүзгөн дүйнөнүн алдыңкы фонддорунан болуп саналат.