Баткен облусунун казысы «Баткен ТВ» телеканалынын журналисттери менен жолугушуп, кызматташуу боюнча пикир алышты

Бүгүн, 5-декабрда Баткен казыятында казыят кызматкерлери  менен Баткен медиа борборунун башкы директору Мамажан Бердишев баштаган «Баткен ТВ» телеканалынын жамааты ортосунда маектешүү жыйыны болуп өттү.

Жыйында  облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов коомчулукту ынтымакка, биримдикке, тынчтыкка, тазалыкка жана ыйман, адепке чакырууда массалык маалымат каражатынын орду чоңдугун белгилеп, бул жаатта бир топ жылдан бери Баткен казыяты менен тыгыз  кызматташып келген Баткен облустук телеканалынын салымы эбегейсиз экендигин, аларды келе жаткан 8-декабрь «Радио жана телевидение күнү» менен куттуктады.

Ал эми Мамажан Бердишев Баткен казыяты менен кызматташууга ар дайым даяр экендигин билдирип, Баткен казыяты менен  облустук «Баткен ТВ» телеканалы бир топ жылдан бери “Ислам маданияты” жана “Жума хутбасы” берүүсүн  жума сайын эфирге чагылдырып келгендигин айтып,  кызматташууну жандандырууда казынын сунушун колдоорун айтты.

Жолгушуунун соңунда Баткен облусунун телеканалынын жамаатына облустук казыят менен тыгыз кызматташып келген кызматкерлерине казыяттын атынан белектер тапшырылды.