Таш-Көмүр шаарына караштуу Чүйүт-Сай айылында жаңы мечит ачылды 

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Чүйүт-Сай айылында “Усман Ата” атындагы жаңы мечиттин ачылыш аземи болду. Ачылышка Таш-Көмүр шаарынын мэри Рахматилла Асанкулов, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрөгасы Сагын Токтосунович, Жалал-Абад казысынын орун басары Бакытбек ажы Тунгатаров, казыяттын мечит бөлүм адиси Бектеналы Боронбаев, мечитти курууга салым кошкон, жеке ишкер Асылбек Анарбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Шаардын мэри өз сөзүндө мечитте айтылган насаат сөздөр жана таалим тарбиялар, биздин коомубуздун өнүгүп-өсүшүнө чоң салымын кошоорун баса белгиледи. Ал эми казынын орун басары Бакытбек ажы Тунгатаров жергиликтүү тургундарга мечитти туура пайдаланууга, ата-энелер балдарын мечитке таалим-тарбия алуу үчүн жиберүүгө чакырып, мечитке демөөрчүлүк кылган Аксы районунун тургуну, жеке ишкер Асылбек Анарбаевге казыяттын атынан ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Ал эми демөөрчү Асылбек Анарбаев кылган иши Кудайдын ыраазычылыгына жетүү үчүн болгонун, бул мечит эл үчүн ибадаттын ордосу боло турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, мечит бардык шарты менен 100 кишиге ылайыкташып, жеке ишкердин колдоосу менен салынган.