Ош шаарында  “Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу” боюнча жыйын болуп өттү

Кечээ, 4-декабрда Ош шаарынын “Амир-Темир” МАБда “Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу” деген темада жыйын болуп өттү. Иш-чарга Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Алишер Ажибаев, Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов, аймактагы мечит имамдары, МАБтын кызматкерлери, мектеп директорлору, кварталдык комитеттердин төрагалары жана милиция кызматкерлери катышты.

Жыйында мигранттардын балдары кароосуз жана таалим-тарбиясыз калып кетпөөсүн камсыздоо жана жаштарга социалдык тармактардан туура эмес  маалыматтарды анализдөө жөнүндө сөз болуп, эгер диний багыттагы суроолор бар болсо мечиттин имамына келип кайрылуусу керектиги айтылды.

Ал эми Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов аталган аймакта имамдар кварталдык комитет төрагалары менен ар дайым тыгыз байланышта иш алып бара жатканын белгилеп, соцтармактын терс жактарын коомчулукка дагы жеткирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын баса белгиледи.