Чүй облусунда КМДБнын ОТКнын адистери, Чүй казыятынын кызматкерлери жана баш имам хатибтердин катышуусунда жыйын болуп өттү

Кечээ, 5-декабрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы «Мустафа» мечитинде КМДБнын ОТКнын адистери Шерик ажы Карабеков жана Акжигит ажы Көкөев, Чүй казыятынын кызматкерлери жана район жана шаардык баш имам хатибтердин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйында алгач Шерик ажы Карабеков Коргоо кеңешинде кабыл алынган, беш пункттан турган имамдардын отчёт жаза турган баракчасынын жаңы үлгүсү менен жыйынга катышкандарга тааныштырып, андагы өзгөрүүлөр боюнча түшүндүрмө берди. Бул маселе боюнча катышуучулардын арасында талкуулар жана сунуштар айтылып, ОТКнын өкүлдөрү узатылган суроолордун бардыгына жооп беришти.

Экинчи каралган маселе КМДБнын фатва бөлүмү тарабынан ишке ашкан никеге каттоо журналы боюнча болду. Бул журналга ар бир имам кылдат көңүл коюп, никеге турган жарандардын бардыгын каттап, өз учурунда статистика жүргүзүп, отчет тапшырып туруу зарыл экендигин Шерик ажы Карабеков баса белгилеп, бул буйрук катары аткарылуусун эскертти.

Ошондой эле Умра ибадатына баруучуларды электрондук тартипте каттоону КМДБ уюштуруп баштагандыгы тууралуу кабар берип, казыят жана хатибияттар да бул маселе боюнча иш алып баруулары керектигин ОТКнын адистери баса белгилешти.

Жыйын акырында имамдар тараптан бир канча сунуштар айтылып, Шерик ажы Карабеков алардын бардыгы тез аранын ичинде каралып, ишке аша турганын айтты.

Эске сала кетсек, Чүй облусун боюнча район жана шаарлар болуп 10 хаибият ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.