Аксы районунда имамдардын көчмө жыйыны болуп, 11 айда жасаган иштери тууралуу отчет тапшырышты

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айыл округунун Сыны айылында жайгашкан “Сыны” атындагы мечитте Аксы районунун имамдарынын кезектеги көчмө жыйыны өттү. Көчмө жыйынга Аксы районунун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков жана имамдар катышты.

Жыйында Мырзабек ажы Абдыкалыков  ар бир айыл округ имамдарынан 11 айда жасаган иштеринин жыйынтыгын камтыган отчётторун алып, «жакшы» деген баа берилди.

Ал эми келерки жылы имамдарга окуучуларга суицид, рекетизм жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жана эл менен тыгыз иш алып барууга, ысырыпкерчилик менен күрөшүүгө, жаштар менен иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилди.