Чаткалдын Сумсар айылындагы мечит жылуулук менен камсыздалды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Сумсар айылындагы “Муратбек уулу Жакыпбек” атындагы мечит жылуулук менен камсыздалды. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов билдирди.

Анын айтымында, учурда бардык мечиттерди кышка карата жылуулук менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.

“Жергиликтүү жамааттын жана жеке ишкерлердин демилгеси менен бүгүнкү күндө Сумсар айылынын«Муратбек уулу Жакыпбек» атындагы мечити жаштар тарабынан  оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, мечиттин чакан эки бөлмөсү заманбап болуп оңдолду. Терезелер жаңыланып, жылуу пол орнотулуп, жылуулук шарты түзүлдү. Буга чейин бул эки бөлмө  суук болуп, эч кандай шарты жок, пайдаланылбай турган. Эми  мечитке келгендер үчүн кышында толук шарт түзүлдү”,-дейт баш имам хатиб Кубанычбек Токонов.