«Салам медиа» радиосунун алып баруучусу Баткен облустук казыятынын «Ардак грамотасы» менен сыйланды

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуртов Баткен шаарындагы «Салам медиа» радиосунун алып баруучусу Сулайман Акматбековду Баткен казыятынын «Ардак грамотасы» менен сыйлады.

Мындай сыйлык «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына жана 8-декабрь Радио жана телевидение кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата берилди. Ошондой эле элибизге динибизди жайылтууга жана облустук казыяттын басма сөз кызматы менен тыгыз алакада кызматташып, коомчулуктун руханий  өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыйгарылды

Эске сала кетсек,  Сулайман Акматбеков «Салам медиа» радиосунун «Ыйман сааты» уктуруусун эки жылдан бери алып барып келет. Түз эфир ар жуманын бейшемби күндөрү 30 мүнөт убакытта обого чыгарылат.