Ала-Буканын Орто-Токой айылында 300 орундуу мечит ишке берилди

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айыл аймагындагы Орто-Токой айылында 300 орундуу “Орто-Токой” атындагы мечитинин ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине райондун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев “Өрүктү” айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Кийикбаев жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Мечиттин ачылыш аземинде “Өрүктү” айыл өкмөтүнүн башчысы буларга токтолду. “Бүгүнкү күндө мечиттердин көп салынышы бизди кубандырат. Жаштарыбыз мечитте таалим-тарбия алып, туура жолго түшүшөт. Жаштарыбыз ыймандуу болуп,  улууларды урматтап, кичүүлөрдү ызаттайт”,-деди ал.

Ал эми райондун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев жергиликтүү тургундарга Ханафий мазхабын бекем кармануу боюнча баяндама жасап, ысрапкерчилик туурасында түшүндүрүү иштерин жургүздү.

Эскерте кетсек, мечит Сауд Араб Падышачылыгынын жараны тарабынан курулуп, бүткөрүлгөн.