Ош шаарында “Суициддин алдын алуу” боюнча жоокерлерге түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Кечээ, 8-декабрь күнү Ош шаарында жайгашкан №36800 аскер бөлүгүндө Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садриддин ажы Мажитов “Суициддин алдын алуу” деген темада өз баяндамаларын жасап, аскерлерге руханий жактан күч-кубат берүүгө ар дайым даяр экендиктерин баса белгилешти.

Жыйында Убайдулла ажы Сарыбаев мекенге кызмат кылуу ар бир жарандын ыйык милдети экенине токтолуп, аларды адептүүлүккө, сабырдуулукка жана күчтүү болууга чакырды. 

“Адам кыйынчылыктан өлүп эле кутулам деген болсо, ал анын алсыздыгы. Ал эч качан кутула албай турган тозокту унутуп койгон. Чыныгы эркек кыйынчылык келгенде андан качпай аны менен күрөшүп, жеңгенге аракет жасайт. Эркек адам өзүн гана эмес, жакын адамдарын да коргой билүүсү үчүн күчтүү болуусу керек. Бул үчүн физикалык күч жетишсиздик кылат. Анткени куш эки канаты менен учат. Руханий жакты күчтөндүрүү башка түшкөн кайгы капаны жеңүүдө жардам берет”,-деди Убайдулла ажы Сарбаев. 

Лекциянын алкагында ДИМК ТАБнын башчысы Мурзабеков Исакбай Камалович Кыргызстандагы тыюу салынган туура эмес агымдар жөнүндө кенен түшүндүрмө берип, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча өз баяндамасын жасады.