Баткен облусундагы диний окуу жайлар кышка толугу менен даяр

Бүгүн, 9-декабрда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов аймактагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жыйын өткөрдү.

Алгач облус казысы медресе мүдүрлөрүнөн  2019-2020-окуу жылына карата аткарылып жаткан иштери  боюнча маалыматтарын укту. Андан соң билим берүү шарттарын жакшыртуу жаатында бир топ маселелер каралды.

Ошондой эле, диний билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча талкуу болуп, ар бир медресе мүдүрлөрүнүн айтылган сунуш пикирлери ортого салынды. Диний окуу жайларынын мүдүрлөрүнүн айтымында, учурда бардык медреселерде жылуулук боюнча оңдоп-түзөө иштери  жүргүзүлүп, медреселер кыш мезгилине даяр.

Жыйындын соңунда Баткен  облусунун  казысы  мүдүрлөрдүн ишине ийгилик каалап, келечекте өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүнө өз салымдарын кошо турган чыгаан атуулдар тарбияланаарына ишеничин билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында 11 диний окуу жай өз ишмердигин жүргүзүп келүүдө.