Жети-Өгүздүн Оргочор айылына таза суу чыгарылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында таза суу чыгарууда түтүк орнотулду. Бул туурасында айыл имамы Догдурбай Алыбаев билдирди.

“Аталган айылда таза агын суу болбогондуктан айыл тургундары таза сууну алыс аралыка барып ичишет эле. Айыл аксакалдары, жаштар биргелешип айыл өкмөткө кайрылып, бүгүнкү күндө айылыбызга таза суу түтүгү киргизилип, элдин эң көйгөйлүү маселебизди чечип алдык”,- деди айыл имамы Догдурбай Алыбаев.

Таза суу түтүгүн киргизүү демилгесин айыл имамы көтөрүп, жергиликтүү ишкерлердин, демөөрчүлөрдүн жана айыл өкмөттүн колдоосу менен киргизилген. Айылдын ичинде 250 метр аралыктагы суу түтүгүнө кеткен чыгым 1 000 000 сомду (бил миллион) түзгөн.