Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Акман айыл аймагынын имамдарына жыйын өткөрдү

Кечээ, 9-декабрда Жалал-Абад облусунун  Базар-Коргон районун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков Базар-Коргон райондук борбордук “Ак-Тайлак” атындагы жума мечитинде жайгашкан хатибият идарасында Акман айыл аймагынын имамдарын кабыл алып, алардын ишмердүүлүгү боюнча маалымат алды. Жыйын бир жылдык отчётторду угуу менен башталып, анда Акман айыл аймагынын ар бир имамы  баш имам хатибке бир жылда кылган иштери тууралуу маалымат беришти.

Имамдардын жасаган иштеринде эски мечиттер жыңыланып, Акман айыл аймагындагы 7  мечит мамлекеттик катоодон өткөрүлгөн. Ошону  менен биргеликте имамдар айылдагы ысырапкерчилик менен күрөшүүдө кырктык, жылдыктарды азайтуунун  үстүндө алгылыктуу иштерди алып барып жатышкандыктарын айтып өтүштү.

Жыйындын аягында баш имам хатиб имамдарга Коргоо Кеңеши тарабынан иштелип чыккан концепцияны ишке ашырууну, жума хутбалар графиктин негизинде айтылуусун жана Куранды тажвид менен окууну баса белгиледи.