Ош шаарындагы “Шейит-Дөбө” мечитинин жанында 50 балага ылайыкташкан Куран окуу борбору ачылды

Кечээ, 9-декабрда Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Шейит-Дөбө” мечитинин жанында 50 балага ылайыкташкан Куран окуу борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземине Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Сонунбек ЖунусбаевДИМК ТАБнын башчысы Исакбай Мурзабеков  жана Ош шаарынын тургундары катышты.

Борбордун ачылышында Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Куран окуу борборунун өнүгүүсү үчүн тынымсыз аракетте болууну айтып өттү.

“Куран окуу борборунун курулуш иштери бүткөнү менен чыныгы иши эми башталды. Анткени  аны ишке ашыруу, Хафиз жана Аалым балдарды тарбиялап чыгаруу милдети бар экенин унутпайлы”,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев

ДИМК ТАБнын башчысы Мурзабеков Исакбай Камалович Куран окуу борборунун иш кагаздары толук түрдө бүткөндүгүн тастыктап, бул окуу борбор мечитти жанында жайгашкандыгы өтө жакшы болгондугун баса белгилеп өттү.

Ал эми “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Сонунбек Жунусбаев Куран окуу борбору жаштардын адеп-ахлагын жакшыртууда чоң роль ойной тургандыгын белгиледи.

Бул ачылган Куран окуу борбору жаштардын жүрүм-турумун, адеп-ахлагын жакшыртууда өтө чоң мааниге ээ болуп саналат. “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймагында Куран окуу борборунун ачылганына мен аябай сүйүндүм. Буйруса бул жерден элге, жерге пайдасы тийген күчтүү аалымдар чыгат деген ишеничтемин”,–деди Сонунбек Жунусбаев.

“Шейит-Дөбө” Куран окуу борборунун мүдүрү Мирланбек ажы Тоткомушов келген коноктордун бата дубасына ыраазычылыгын билдирип, бул жактан билимдүү карылар тарбияланып чыгышына тилектештигин билдирди.