Григорьевка айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокерлерге экстремизм, терроризм боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев Григорьевка айылындагы №75 564 абадан коргонуу аскер бөлүмүндө кызмат өтөгөн жоокерлер менен жолугушуп, аларга экстремизм, терроризм, терс агымдар, алардын коомчулукка, элге тийгизген терс таасири туурасында түшундурүү ишин жүргүздү.

Жолугушуу аскер бөлүмүнүн жыйындар залында болуп, жоокерлердин жалпы түрдө катышуусу менен өттү. Мындан сырткары мекенди коргоо, элди-жерди сүйүү туурасында дагы баяндамасын жасап, соңунда жоокерлердин кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Аталган аскер бөлүмүнүн башчысы Марат Джунушалиев: “Бүгүнкү күндөгү диний кырдаал, элди-жерди коргоо, тынчтыкты сактоо иштеринин өтө чоң жоопкерчиликтери боюнча маалымат берилип, ар-намыс темасы да четте калбастан толук камтылды”,- деди ал.