АЖЫЛЫК-2020: 2020-жылдагы ажылык иштерин баштоо боюнча ажылыкты уюштуруу штабынын алгачкы жыйыны өттү

Бүгүн, 10-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2020-жылдагы ажылык иштерин баштоо боюнча ажылыкты уюштуруу штабынын алгачкы жыйыны болуп өттү. Жыйында 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев ажылыкты уюштуруу жоопту жана соопту иш экендигин баса белгилеп, алгачкы жыйында УРШнын бардык мүчөлөрүн активдүү катышууга чакырды.

«Ажылыкты ачык-айкын өткөрүү үчүн Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин 306 буйругу чыгып, 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Алланын конокторуна жогорку деңгээлде кызмат кылалы, бул өтө соопту иш»,-деди УРШнын төрагасы Жоробай ажы Шергазыев.

УРШнын алгачкы жыйынында 2019-2020-жылдагы өтө турган конкурстар жана ажылыкка каттоо маселеси каралып, декабрь айынын ортосунда конкурстарга жарыялар берилээри жана ажылыкка каттоо башталаары белгилүү болду.