Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Берлин шаарында мусулмандардын XV Эл аралык форумуна катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кечээ, 10-декабрда Германиянын баш калаасы Берлин шаарында эки күнгө созулган мусулмандардын XV Эл аралык форумуна катышууда.

Форумга 20 мамлекетте иш алып барган ислам, иудаизм жана христиан дининин өкүлдөрү катышууда.

Форумдун жүрүшүндө радикализмдин алдын алуу, салттуу руханий-нравалык баалуулуктарды сактоо, экстремизм, терроризмдин алдын алуу сыяктуу бир топ темалардын алкагында ар бир мамлекеттен келген өкүлдөр өз баяндамаларын жасады.

Иш-чарада Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев дагы сөз сүйлөп, анда Ислам дини тынчтыкка үндөп, элдин бейпил турмушуна, конфессиялар аралык достукка чакыра тургандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, мусулмандардын XV Эл аралык форуму бүгүн, 11-декабрда дагы уланат.