Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Германиянын Берлин шаарында билим алган кыргызстандык студенттер менен жолугушту

Бүгүн, 11-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Германиянын Берлин шаарында билим алган кыргызстандык студенттер менен жолугушту.

Жолугушууда Азирети Муфтий студенттердин ал абалы менен жакындан таанышып, аларга билим алуунун зарылдыгы, Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) “Билим кайда гана болбосун аны издегиле” дегендей, студенттердин окуусуна ийгиликтерди каалап, мамлекетке салым кошкон мыкты кадрлардан болуп чыгышына тилектештигин билдирди. Ал эми студенттер Азирети Муфтийге диний чөйрөдө өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна беришип, жоопторун алышты. 

Эскерте кетсек, Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 10-декабрда Германияга жасаган иш сапарынын алкагында Берлин шаарында 2 күнгө созулган мусулмандардын XV Эл аралык форумуна катышты.