Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков Чынгыз Айтматовдун өмүр баянына арналган чакан иш-чарага катышты

Кечээ, 10-декабрда Жалал-Абад мамлекеттик университетине караштуу Майлуу-Суу колледжинде улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун өмүр баянына арналган чакан иш-чара уюштурулду.

Аталган иш-чарага Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков дагы катышып, атактуу жазуучунун “Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу” фразасынын алкагында студенттерге баяндамасын жасады.

Ошону менен бирге жаштарды адептүүлүккө, ата-энени урматтоого чакырды. Ал эми окуу жайдын жетекчиси Ысмайыл Кыдыралиев жаштарды тарбиялоодо биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билдирди.