Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Покровка айылындагы чиркөөнүн попу Дмитрий Шушканов менен эки тараптуу кызматташат

Кечээ, 11-декабрда Талас облустук казыятынын Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Покровка айылындагы чиркөөнүн попу Дмитрий Шушканов менен жолугушту.

Мындай жолугушуу жакында эле Бишкек шаарында өткөн «Ислам жана Провославия тынчтыктын диндери» деген аталыштагы эл аралык конференциянын алкагында өз ара кызматташуу мерчеми талкууга алынды.

Эки тараптуу жолугушууда улуттар аралык ынтымак ырашкерликти бекемдөө, экстремизм жана терроризмди алдын алуу боюнча маселелер талкууга алынды. Чиркөөнүн попу Дмитрий Геннадьевич чиркөө эл арасында эч кандай кысымга жана эч кандай тоскоолдуксуз өз иштерин жүргүзүп жаткандыгын баса белгилеп, эки тараптуу кызматташтык ушул нукта улана берээрин кошумчалады.