Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин жанындагы тротуарды оңдоп-түзөө иштери аяктады

Ош шаарындагы борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин Масалиев жана Зайнабидинова көчөсүндө орун алган жөө адамдар басуучу жолду оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Ош шаарынын мусулмандар казыятынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жөө өтмөктү оңдоо иштерине кеткен чыгымды казыят колго алып, демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу 180 метр аралыктагы жерге брусчаткалар төшөлүп, шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Ош шаарынын мэрияси жана “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан жасалуучу мындай ишке калаа бийлиги казыятка ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, оңдоп-түзөө иштерине кеткен чыгымды “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Осмонов Мырза кары жана жергиликтүү демөөрчүлөр колдоо көрсөткөн.