Чүй облусунун казыяты Токмоктогу №1 психоневрологиялык мекемеге 45 миң сомдук акчалай жардам жана азык-түлүк тапшырды

Чүй облустук казыятынын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов, КМДБнын үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев, Чүй районунун баш имам хатиби Сапарали ажы Акбаев Токмок шаарында жайгашкан №1 психоневрологиялык мекемеде Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздан кабар алышты.

Диний кызматкерлер өздөрүнө тиешелүү баяндамаларын жасап, дарыланып жаткан мекендештерибизге сакайып кетүүлөрү үчүн дуба-тилектерин кылышты.

Иш-чара алкагында Чүй казыятынын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов Чүй казыятынын жана жалпы Чүй облусундагы диний кызматкерлердин атынан, майыптар үйүнүн директору Бакыт Жунушов мырзага 45 миң сом акчалай жардам жана азык-түлүк тапшырды.

«Майыптар үйү деп аталган бул жатак мекемеде 270 мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибиз жашайт экен. Майыптар үчүн колдон келген шарттар түзүлгөн. Ошондой болсо да, маал-маалы менен ар түрдү муктаждыктар чыгып турат. Ошондуктан Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловтун демилгеси менен, облустагы мечиттерден каражат топтолуп, мүмкүнчүлүгү чектелген боордошторубузга жардам бердик. Кудай Таалам ар бир инсандын кайрымдуулугун Кыямат күнү башына көлөкө кылып, бейишинен насип эткен болсун», — деди Чүй казыятынын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов.