Чүй облусунун дин кызматкерлери Токмоктогу №2 майыптар үйүнө 15 миң сомдук акчалай жардам көрсөтүштү

Чүй облусунундагы диний кызматкерлер Токмоктогу №2 психоневрологиялык Социалдык стационардык мекемесине жардам беришти.

Соопту иш Чүй облусунун мусулмандар казыятынын демилгеси менен уюштурулуп, Чүй казыятынын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов майыптар үйүнүн директору Бурул Тумановага облустагы диний кызматкерлердин атынан 15 миң сом акчалай жардам тапшырды.

Кубан ажы Бекешов өз сөзүндө оорулуу адамдын даражасы тууралуу айтып, дарыланып жаткандарга батасын берди.

«Аллах Таалам мусулман пендесине өзүнө, мал-мүлкүнө, бала-чакасына ар кандай сыноолорду берип, акыретке күнөөлөрдөн тап-таза болгон абалда чакырып алат. Биз кайгырбайлы, сабыр кылып, сообун Аллах Тааладан үмүт кылалы», — деди Кубан ажы Бекешов.

Азыркы учурда майыптар үйүндө 110 жаран дарыланып келет.