Токмок шаарында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жалпы 7 тонна көмүр таратылды

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында колу жука үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды. Соопту иш-чараны Токмок шаарынын хатибияты «Биримдик Токмок» коомдук бирикмеси менен бирге уюштурду. Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов билдиргендей, жалпысынан 7 тонна көмүр таратылган.

«Суук түшүп, көмүр кымбат болгондугуна байланыштуу муктаж үй-бүлөлөргө акысыз көмүр менен жардам берүүнү туура көрдүк. Бул ушу менен токтоп калбайт, Кудайым буюрса мындан ары да улана бемекчи», — деди Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов.

Эске сала кетсек, быйыл көмүрдүн баасы ар кайсы аймактарда килограммы 4 сомдон 10 сомго чейин сатылууда.