Кара-Балта шаарынын «Достук» мечитинин жамааты жардамга муктаж үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүштү

Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы «Достук» мечитинин имамы Хасан Рахимовтун демилгеси менен мечиттин жамааты кайрымдуулук иш-чарасын уюштуруп келет.

Бул жолу жардамга муктаж болгон 4 үй-бүлөгө 1000 сомдон акчалай жардам берилди.

«Мечит жамааты менен биргеликте турмуштун сыноосу менен оор абалга дуушар болгон 4 үй-бүлөгө кичине болсо да акчалай жардам көрсөттүк. Анткени, бул Ислам дининин талабы. «Шорпо бышырсаң, суусун көбүрөөк кылып кошунаңды да эстеп кой», деп ыйык хадистерде осуяттар айтылган. Колубуздан келишинче жардамыбызды аябай, уялбай ишке ашыра берели», — деди мечит имамы Хасан Рахимов.