КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов “Жаныңдагынын үнүн ук!” ураандын астында уюштурулган фестивалга катышты

Бүгүн, 11-декабрда Бишкек шаарында Кыргызстандагы ар түрдүү диний уюмдардын ортосундагы толеранттуулуктуу жана конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөөгө үндөгөн “Жаныңдагынын үнүн ук!” ураандын астында уюштурулган фестиваль — көргөзмөсү (ConFest) өткөрүлүүдө. Иш-чарага КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов жана диний уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышууда.

ConFest Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын колдоосунда иш жүргүзүп жаткан 16 диний уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Кыргызстан конфессиялар аралык кеңешинин мүчөлөрүн топтойт.

Бул иш чаранын максаты диний уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана коомчулук ортосунда диалог курууга, өз ара байланышта иштөөгө аянтча түзүү болуп саналат.
Иш-чара 2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында, конфессиялар аралык мамилелерди бекемдөөгө, ар кандай ишенимдерге жана дүйнө таанымдарга сый мамиле кылууга, адам укуктарына жана эркиндиктерине, толеранттуулук жана диний сабырдуулукка чакырган, радикализм, экстремизди болтурбоого багытталган.

Фестиваль — көргөзмөсүнө шаар тургундары дагы катышып, аларга ар бир уюмдун социалдык иштеринин өзгөчөлүктөрү жана спецификасы жөнүндө кененирээк маалымат алууга 10дон ашык чыгармачыл, мастер-класстар көрсөтүлүүдө.