Ош облусунун казыятында Умра ибадатын уюштуруу боюнча жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 11-декабрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Кыргыстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан Умра ибадаты боюнча жыйын өткөрдү.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, райондордун баш имам хатибтери, казыят кызматкерлери жана Умра башчылары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Самидин кары Атабаев Умра ибадатын уюштуруу иштери мыйзамга ылайык, КМДБга жүктөлгөнүн ал үчүн Умра башчылары казыят, эл менен тыгыз иш алып барып, зыяратчылар кандай талап койсо аларга жылуу жумшак мамиле кылууга чакырды.

«Ош облусу боюнча Умра ибадатына бара турган зыяратчылар ушул айдын аяк ченинде ыйык Мекке шаарына жөнөп кетишмекчи. Кичи ажылыкты уюштурууда баарыбыз колубуздан келишинче көмөк көрсөтүп, зыяратчыларга ажылыктын эрежелерин, ибадат кылууда эмнеге көңүл буруу керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз керек», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.