Аксынын Кара-Дөбө айылында 250 орундуу мечиттин ачылыш аземи болду

Кечээ, 11-декабрда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагындагы Кара-Дөбө айылында 250 орундуу “Кара-Дөбө” атындагы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине райондун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков, Кара-Дөбө айылынын айыл башчысы Сабыр Оролбаев, мечиттин демөөрчүсү Сауд Араб Падышачылыгынан келген өкүлдөр  жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чарада айыл  башчы Сабыр Оролбаев мечиттин ачылышы менен ыймандуу жаштардын катары көбөйө беришине тилектештигин билдирди. Ал эми райондун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков жергиликтүү тургундарды ынтымакка, биримдикке чакырып, дайым Ханафий мазхабын бекем карманууга үндөп кетти. Мечит заманбап шарт менен дааратканасы кошо курулду.