“Сулайман-Тоо” мечитинде жардамга муктаж 450 үй-бүлөгө жардам баштыгы таратылды

Кечээ, 11-декабрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев баш болгон казыят кызматкерлери “Сулайман-Тоо” мечитинде жардамга муктаж 450 үй-бүлөгө жардам баштыгын таратты.

Жардам баштыкчасында: ун(10 кг), май,  макарон, нан, чай, туз жана кум шекер салынган. Анын ар бир баштыгы 600 сомду түзүп, жалпы суммасы 270 000 миң сомду түздү.

«Эл тарабынан чогултулган кийим-кечелер дагы таратылып, мечитке келе албай калгандарга жардам баштыкчасы менен кошо үйлөрүнө жеткирилип берилмекчи. Бул кайрымдуулук иш-чарасы жергиликтүү демөөрчүлөр жана мечиттердин жамаатарынын кошкон салымынын негизинде уюштурулду»,-деди Убайдулла ажы Сарыбаев.