Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев «Дин жана коом» аттуу конференцияда өз баяндамасын жасады

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Ош  шаарында жайгашкан «Ош Нуру» мейманканасынын жыйындар залында «АВЕП» коомдук фонду тарабынан уюштурулган «Дин жана Коом» деген аталыштагы конференцияга катышты. Конференцияда облус казысы «Мусулмандардын коомчулук алдындагы милдеттери жана укуктары» аттуу темада баяндамасын жасады.

Иш-чарага КР Дин иштери боюнча комиссиясынын түштүк аймак боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, «АВЕП» коомдук фондунун жетекчиси Нурланбек Токонов, Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, казыят кызматкерлери жана медресе мүдүрлөрү катышты.

Иш-чарада КР Дин иштери боюнча комиссиясынын түштүк аймак боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков: «Имамдар билимсиз эмес. Жөн гана аларды билимдүүлүгүн тастыктаган документ жок. Анткени алар ар кандай илим адамдарынан устат шакирт жолдору аркылуу билим алышкан. Имамдардын арасында светтик билимге ээ болгондору деле жок эмес», — деди Исакбай Мурзабеков.