Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев  жергиликтүү ЖМКлардын жетекчилери менен жолугушту

Ош облусунун мусулмандара казысы Самидин кары Атабаев Ош шаарындагы «Ош Пирим», «Ош ТВ», «ЭлТР», «Ынтымак ТВ», «Илим жана билим» телеканалдарынын жана «Тез кабар», «Т Медиа»маалымат агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча пикир алышты.

Медиа өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Самидин кары Атабаев, коомчулукту ынтымакка, биримдикке, адептүүлүккө сабырдуулукка, күжүрмөндүккө чакырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду чоң экенин баса белгилеп, 8-декабрь радио жана телевидение күнү менен куттуктады.

Ал эми ЭлТР МТРКсынын башкы директорунун орун басары Жумамидин Сулайманкулов коомубузда жүрөктүн үшүн алган маалыматтар тарап жаткан чакта, дин кызматкерлери элди ынтымакка, биримдикке чакырууда салымы чоң экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында облус казысы ММКнын жетекчилерине жана өкүлдөрүнө куттуктоо баракчасы жана белектерди тапшырды.