Талас облусунун казысы окуучулар менен жолугушуп, аларга билим алуунун зарылдыгы туурасында баяндамасын жасады

Кечээ, 11-декабрда Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы Акынбек Үсөнбаев атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушту.

Жолугушууда Таалайбек ажы алгач окуучуларга экстремизм жана терроризм боюнча кенен маалымат берип, андан кийин адеп ахлак туурасында баяндамасын жасады.

«Келечек ээлери силерсиңер. Ар бириңер өзүңөрдүн адеп-ахлагыңар  менен башкаларга үлгү болушуңар керек. Үйдө жана коомдук жайларда болобу улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүп сыйлагыла»,-деди облус казысы.

Ал эми мектеп мүдүрү Таалайбек ажыга ыраазычылыгын айтып, мындан ары балдарды тарбиялоодо бирге иш алып барууга даяр экендигин белгиледи.