Ош облусунун жыйындар залында райондун баш имам хатибтери 11 айлык отчётун тапшырышты

Кечээ, 11-декабрда Ош облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында облуска караштуу бардык райондун баш имам хатибтери 11 айда жасаган иштери тууралуу отчётун тапшырышты.

Отчёттук жыйынга  Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, орун басары Нурбек кары Орунбаев, казыят кызматкерлери жана райондун баш имам хатибтери катышты.

Жыйында Самидин кары Атабаев эл-журтка кызмат кылуу — атуулдук парз экенин баса белгилеп, имамдардын отчётун укту. Ал эми райондун баш имам хатибтери төмөндөгү пунктан турган буйруктун негизинде отчёт тапшырышты:

  • Казыят тарабынан чыгарылган (жеткирилген) буйруктардын аткарылышы
  • Хатибият тарабынан аткарылган иш-чаралардын тизмеси
  • Садака-битир
  • Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата өткөрүлгөн иш-чаралар
  • Мечиттердин мамлекеттик каттоодон өтүшү
  • Экстермизм жана террозимди алдын алууда аткарылган эмгектер

Жогоруда аталган пунктардын ар бирине токтолуп, ар бир баш имам хатипке 15 минутанын тегерегинде убакыт берилди.

Жыйынтыгында имамдардын аткарган кызматтарына «жакшы» деген баа берилип, мыкты кызмат көрсөткөн баш имам хатипке сыйлык тапшырылды.