Муфтият Малайзиянын туризм министрлигине караштуу туризм Ислам борбору менен кызматташат

Бүгүн, 12-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев  Малайзиянын туризм министрлигине караштуу туризм Ислам борборунун башкы директору Дато Сери Абдул Гани Дауд, Заин Азраи Рашид, Сити Сара Хуссин айым менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну бекемдөө, эки өлкө ортосундагы достук алаканы чыңдоо жаатында пикир алышты.

Эки тараптуу жолугушууда Малайзиянын туризм министрлигине караштуу туризм Ислам борборунун башкы директору Дато Сери Абдул Гани Дауд адал туризм тармагын өнүктүрүүдө Малайзия мамлекетинин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, келечектеги максаттарын айтып берди.

Ал эми Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Малайзиянын туризм министрлиги  менен эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирип, бул жаатта эки тараптуу расмий жолугушууларды уюштуруп, тажрыйба алмашуу керектигин билдирди.

Жолугушуунун акырында тараптар эки тараптуу кызматташууда даярдыктарын айтышып, эки өлкөнүн достук  алакаларынын бекемделе берүүсүнө тилектеш экендигин билдиришти.

Аталган жолугушууга Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев,  Кыргыз-Малайзия Корпорациясынын башкы директору Рамис Карымшаков, КР Экономика министрлигине караштуу шайкештикти баалоо системасын жөнгө салуу жана адал индустриясы бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Кайырбеков жана КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу катышты.