Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Малайзиянын туризм министрлигине караштуу туризм Ислам борборунун башкы директору менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Малайзиянын туризм министрлигине караштуу туризм Ислам борборунун башкы директору Дато Сери Абдул Гани Дауд, Заин Азраи Рашид, Сити Сара Хуссин айым менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтийдин орун басары Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдында иш алып барып жаткан адал индустриясы туурасында маалымат берип, бул замандын талабы экендигин баса белгиледи.

Муну менен катар Жоробай ажы Шергазыев адал туризмди Кыргызстанда өнүктүрүүдө адистердин билимдүү жана бай тажрыйбага ээ болуусу маанилүү экендигине токтолуп, адистерди атайын даярдыктагы окуулардын өткөрүү керектигин билдирди.

Ал эми Малайзиянын туризм министрлигине караштуу туризм Ислам борборунун башкы директору Дато Сери Абдул Гани Дауд Азирети Муфтийдин орун басарына өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, бул жаатта иш алып барууга жана салым кошууга даяр экендигин баса белгиледи.

Аталган жолугушууга Кыргыз-Малайзия Корпорациясынын башкы директору Рамис Карымшаков, КР Экономика министрлигине караштуу шайкештикти баалоо системасын жөнгө салуу жана адал индустриясы бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Кайырбеков жана КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу катышты.