Ош облустук казыятында «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун бир жыл ичинде аткарган иш-чараларынын жыйынтыктары каралууда

Бүгүн, 13-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү менен «АВЕП» коомдук фонду Ош облустук казыятынын жыйындар залында «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун бир жылдык мөөнөт ичинде аткарган иш-чараларынын жыйынтыктарын, кандай ийгиликтерге жетишкендигин камтыган конференция өткөрүүдө.

«АВЕП» коомдук фонду 2017-жылдын башынан тартып өлкөбүздүн түштүк облустарында «Медресе жаштарын  кесиптик шыктарга окутуу» долбоорун ишке ашырууну баштаган. Долбоордун алкагында 2017-жылы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 11 медресе тандалып алынып, ашпозчу-кондитер, компьютер колдонуучу жана тигүүчүлүк кесиптери боюнча 600дөн ашык окуучу окуу курстарынан өттү. Буга кошумча ушул эле медреселерде 2 айлык англис тили курсу окутулду. Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрдүн 60 пайызы жумуш менен камсыз болушуп, жеке кирешелерин көбөйтүүдө. Долбоордун ишке ашышына Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы өтө чоң салым кошту.

“Долбоор бүгүнкү күнүбүздөгү актуалдуу проблеманы камтып, медреселер жана тийиштүү уюмдар менен биргелишип иштешүүдө. 2019-жылдан тарта долбоор ишмердүүлүгүн Кыргызстандын бардык облустарында уланта баштады. Ага ылайык ар бир облустан бирден медресе тандалып алынды жана тандоодо Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы активдуу катышууда” – деп билдирет “АВЕП” коомдук фондунун директору Нурлан Токонов.

Долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланып, “АВЕП” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда. Жаштарга кесип үйрөтүп, жумуш менен камсыз кылуудан тышкары аларды терроризм менен экстремизм азгырыктарынан сактап калууну, толеранттуулукту өнүктүрүүнү көздөйт. Кесип үйрөнүү курстары толугу менен акысыз жана ар дайым медреселердин базасында улан-кыздардын жаңы топторун кабыл алып улана берет.