Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Өзбекстандын Муфтийине көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Өзбекстан Республикасынын Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Азирети Муфтийи Усманхон ажы Алимовдун бир тууган иниси Султанхан Алимовдун дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтат.

Урматтуу Усманхон ажы Алимов,

Иниңиз Султанхан Алимовдун дүйнө салышына байланыштуу сизге, иниңиздин үй-бүлөсүнө чын көңүлүмдөн көңүл айтамын. Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Себеби, бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыз, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156). Алла Таалабыз сизге күч-кубат берсин. Жаратканыбыз боордош өзбек элине кылып жаткан ак мээнетиңизге жардамын берүүсүн жана маркум иниңизди Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан тилеймин.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, үй-бүлөңүзгө, тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгыңызды тең бөлүшөбүз.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.