Аламүдүн районунда колу жука үй-бүлөлөргө 45 тонна көмүр таратылды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды. Бул кайрымдуулук иш-чара Кара-Жыгач айылындагы «Ала-Тоо» мечитинин имамы Таиржан Ибрагимовдун демилгеси менен уюштурулуп, кайрымдуу жарандарыбыздын демөөрчүлүгү менен ишке ашты.

Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов билдиргендей, жалпысынан 45 тонна көмүр Кара-Жыгач айылындагы жардамга муктаж болгон 45 үй-бүлөгө 1 тоннадан таратылды.

«Аллах Таалам кээ бирин байлык берип сынаса, кээ бирин кембагал кылып сынайт. Байларга муктаждарга көмөк көрсөтүп, жардам берүү милдети да жүктөлгөн. Кайрымдуу жарандарыбыздын жардамы менен Кара-Жыгач айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө 45 тонна көмүр таратылды. Жакшылык кылгандардын өтүнүчү менен алардын аты-жөнүн айткан жокбуз», — дейт баш имам хатиб Абдурахман ажы Анаркулов.