Таласта окуучуларга зордук-зомбулукка каршы түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Талас областынын мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков  жана Сагынбаев Медер ажы Талас шаарындагы №90-кесиптик лицейдин окуучулары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга зордук-зомбулукка каршы туруу, эрте никеге туруунун алдын алуу жана орчундуу маселелердин бири болгон суицид туурасында баяндамасын жасады.

Ошондой эле үй бүлөдөгү зордук-зомбулукту болтурбай коюу үчүн ар бир ата-эне өзүнөн баштоо керек жана балдарга туура тарбия берүү керектигин айтылды.

«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана ар кандай терс жолдорго барган адамга Ислам динибизде чоң күнөөлөрдүн катарына киргизет. Эгер үй-бүлөдө ынтымак, бакубат жашоо болсо коомубузда дагы адептүү балдардын саны көбөйөт»,-деди Касым ажы Сыдыков.