Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Түркиянын Кыргызстандагы Элчисинин Дин иштери боюнча кеңешчиси Мехмед Шемседдин Үнал менен жолугушту

Кыргызстан  Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчисинин Дин иштери боюнча кеңешчиси Мехмед Шемседдин Үналдын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү бүтүп жаткандыгына байланыштуу жолугушуп, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.

Эки тараптуу жолугушууда тараптар эки өлкөнүн достук алакаларынын бекемделиши жана дин кызматкерлеринин тажрыйбасын жогорулатуу, Мехмед Шемседдин Үнал мырзанын Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Түркия Диянет (Дин) Башкармалыгынын кызматташуусунун жакшыргандыгы, достук алакаларды бекемдөөдөгү орду айтылып, Азирети Муфтий Муфтияттын жалпы жамаатынын жана өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.

Расмий жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын окуу бөлүмүнүн адиси Куштарбек ажы Маматов катышты.