Талас облусунун мектептеринде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, суицид боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Талас облусунун аймагындагы мектептерде окуучуларга экстремизм жана терроризм, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, суицид, рекетизм боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Бул жолкусунда Талас районунун Кызыл-Туу айылындагы Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектебинин окуучулары менен жыйын  болуп өттү. Жыйынга Талас районунун баш имам хатиби Жолдошбек уулу Канатбек, казыят кызматкери Медер ажы Сагынбаев, айыл имамы, ата-энелер комитетинен жана айыл өкмөтүнөн өкүлдөр катышышты.

Жыйында Медер ажы Сагынбаев үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун, мектеп рекетчилигин алдын алуу жолдору боюнча баяндамасын жасады.

Мындан тышкары Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Үч-коргон айылындагы Газы Малаев атындагы орто мектебинин окуучуларына суицид, рекетчилик боюнча баяндамасын жасады.

«Силер көп убактыңарды телефон, Интернетке короткуча дайыма байма-бай китеп окуп, билим деңгээлиңерди өрчүткүлө. Келечекте мекенибизге, элибизге, жерибизге, динибизге кызмат кылган илимдүү, билимдүү инсандардан болгула»,-деди Миржалал ажы.