Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Курд диаспорасынын башчысы Ахмед Юзбашоглу менен жолугушту

Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Покровка айылындагы Курд диаспорасынын башчысы Юзбашоглу Ахмед жана анын орун басары Дундуоглу Яшар менен жолугушту.

Жолугушуунун негизги максаты улут аралык ынтымакты чыңдоо жана эки тараптуу кызматташууну жандантуу боюнча маселелерди талкууга алышты. Район баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Кыргызстанда жашап жаткан бардык улуттар менен биргеликте өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсү үчүн салым кошуу керектигин айтты.  Ал эми Курд диаспорасынын башчысы Юзбашоглу Ахмед Кыргызстанда жашап жатып ушул убакка чейин эч кандай кысымга кабылбаганын, тескерисинче жергиликтүү тургундар тарабынан колдоо болуп жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле Миржалал ажы Курд диаспорасынын башчысына КРнын мыйзамына ылайык жашы жете элек кыздарды турмушка узатпоо туурасында кеп козгоп, ал мыйзамды так сактоого чакырды.